Маанилүү акциялар (IPO)

Мамлекеттик каттоодон өткөн компаниянын артыкчылыктуу акцияларын (IPO) ачык сунуштоо башталганы жөнүндө кубанычтабыз. ААК МФК Салым Финанс артыкчылыктуу акциялардын ачык эмиссиясын чыгарган Кыргызстандагы биринчи уюм болду. “Салым Финанс” ААКы баалуу кагаздар рыногунда жигердүү иш алып барган жана өз милдеттенмелерин өз убагында аткаргандыгын, ишинин динамикалуу өнүгүүсүн жана ачыктыгын көрсөткөн каржы-кредиттик уюмдардын бири.   Артыкчылыктуу акцияларды ачык сунуштоонун негизги параметрлери:   Эмиссиянын көлөмү – 50,000,000 сом Артыкчылыктуу акциялардын саны 50 000 нуска Номиналдык наркы – 1000 сом Жайгаштыруу баасы – 1100 сом Жылына туруктуу киреше – 160 сом Дивиденддерди төлөө – Финансылык жыл аяктагандан кийин, Акционерлердин жалпы чогулушу белгилеген мөөнөттө Нускадагы минималдуу сатуу топтому – 25 Жоюу наркы – 1000 сом Андеррайтер –  ЖЧК “Сенти” Финансылык Компаниясы   Дивиденддин жарыяланган көлөмү жүгүртүүнүн алгачкы 3 жылындагы бир акцияга 160 сомду түзөт, келечекте чен базардагы кырдаалга жана каржы инструменттери боюнча чендердин деңгээлине жараша кайра каралып чыгат.   Акционерлер – артыкчылыктуу акциялардын ээлери – коомдун пайдасынын өлчөмүнө карабастан, дивиденддердин жылдык белгиленген өлчөмүн алуу укугунда көрсөтүлгөн артыкчылыкка ээ, ошондой эле акционерлердин жалпы чогулушунда башкаруу маселелери боюнча добуш берүү укугуна чектөөлөр бар. .   “Салым Финанс” ААКсы – ички капиталы бар ири микрофинансылык уюм:   Активдер – 3 миллиард сом; Насыя алуучулар, аманатчылар жана облигация ээлери – 18000; Кыргызстан боюнча филиалдар – 23 кеңсе; Кызматкерлердин саны 170 кызматкерди түзөт.