«Салым Финанс » МФК ААКсы кардарларды коргоо принциптерине шайкештик сертификатын тастыктады

“Салым Финанс” МФК ААКсы эл аралык MicroFinanza Rating рейтинг компаниясынын аудитинен өтүп, “Smart Campaign Кардарларды коргоо принциптерине ” мурда алынган шайкештик сертификатын тастыктады. Бул сертификаттын тастыкталышы кардарлар менен этикалык жана адилеттүү мамилелерди түзүү жаатында, «Салым Финанс» компаниясынын ишмердүүлүгүнүн эл аралык деңгээлде таанылуусу экендигин эскертебиз.

Бул биздин ишибизде төмөнкүлөрдү камсыз кылаарыбызды көрсөтөт:

  • финансылык өнүмдөрдү туура иштеп чыгуу жана камсыз кылуу,
  • ашыкча карыздардын алдын алуу,
  • тунуктук,
  • акылга сыярлык баа саясаты,
  • кардарларга карата адилеттүү жана сый мамиле,
  • кардарлар жөнүндөгү маалыматтардын купуялуулугун сактоо жана даттанууларды чечүү механизмдери.

«Салым Финанс» – бул 100% жергиликтүү капиталы бар компания экендигин белгилей кетмекчибиз жана бул иш-чара атуулдарыбыздын жетекчилиги астында өз өлкүлүк капиталы бар компаниянын эл аралык институттардан оң бааларын алгандыгынын мисалы болуп саналат.

Мекендештерибиздин жашоо деңгээлин жана жыргалчылыгын жогорулатуу – биздин биринчи кезектеги милдетибиз.

Азыркы учурда биздин компанияда 18 000ден ашуун кардарларыбыздын кызыкчылыгы үчүн кызмат көрсөткөн 190дон ашуун кызматкерибиз иштеп,республика боюнча 27 кеңсе аркылуу тейлейт.

Жана биз сиздин ишенимиңизге жана бул сапарда бизди танууңузга ыраазыбыз!