Компаньон кыргызстандын алыскы региондорундагы мектепке

Компаньон кыргызстандын алыскы региондорундагы мектепке чейинки билим берүүнүн өнүгүшүн колдойт. Экинчи жыл катары мёенен Компаньон калктын аялуу катмарына мектепке чейинки билим алууга бирдей мүмкүнчүлүк берүүгө багытталган Жайлоо бакчалары долбоорун колдоп келет. Жайлоодогу бала бакчаларда жай мезгилин алыскы тоолуу аймактарда өткөргөн малчылардын балдары баштапкы билим алышат жана атайын иштелип чыккан окуу программасынан өтүшөт. Долбоордун уюштуруучусу – “Роза Отунбаеванын Демилгеси” коомдук фонду   Быйыл Компаньон бала бакчалардын толук кандуу иштеши үчүн керектүү материалдарды жана тренингдерди өткөрүп, жайлоодогу 10 бала бакчанын ачылышын колдоду. Микрофинансы уюмунун кызматкерлери салтанаттуу ачылыштарга катышып, балдарга билим берүүчү оюндарды жана чабандар менен жолугушууларды өткөрүшөт. Ата-энелер, багуучулар жана жергиликтүү жамааттар үчүн Агрономия жана Ветеринардык шериктеш адистер ден-соолукту чыңдоо жана жайыт жерлерин сарамжалдуу пайдалануу боюнча билим берүү тренингдерин уюштурушат.   Компаньон социалдык жооптуу каржы институту катары Кыргызстандын жамааттарын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдой берет.   Маалымдама: Компаньон Финансылык Топ 2004-жылы Mercy Corps тарабынан негизделген. Бүгүнкү күндө компаниянын бүткүл Кыргызстан боюнча 122 кеңсеси жана 114 миңден ашуун активдүү кардары бар. Компаньон калкты финансылык продуктылар менен гана эмес, бизнести өнүктүрүү кызматтары менен да камсыздайт, бул жогорку квалификациялуу 32 агроном жана ветеринарлардан турган Микрофинансылык Уюм (www.kompanion.kg).